Ооганстандагы америкалык жана коалициялык күчтөрдүн командири Кундуздагы госпитал “жаңылыштык бомбаланды” деди.
Генерал Жон Кэмпбелл 6-октябрда АКШ Сенатынын Аскер кызматтары комитетиндеги угууда госпиталга сокку шаардагы америкалык аскерлер менен байланышта турган америкалык офицерлер тарабынан кабыл алынды деди: "Ачык болуш үчүн айтып койсом: Абадан чабуул жасоо жөнүндө чечимди АКШ америкалык аскерий субординацияга ылайык кабыл алган. Госпиталга сокку жаңылыш урулган. Биз эч качан коргоодогу медициналык клиниканы атайылап бутага алган эмеспиз".
Кэмпбелл 5-октябрда авиасокку талиптердин огу астында калган ооган аскерлеринин суранычы боюнча урулган деп айткан болчу.