Президент Бердимухаммедовдун жарлыгына ылайык, Президенттик гвардиянын башчысы, генерал-лейтенант Гичкелди Кожабердиев генерал-лейтенант Яйлым Бердиевдин ордуна Улуттук коопсуздук министри болуп дайындалды. Яйлым Бердиев генерал-майор Бегенч Гүндогдуевдин ордуна Коргоо министри болду. Гүндогдуев болсо Түркмөнстандын деңиз күчтөрүнүн командачысы болуп калды.
Жаңы дайындоолор Ооганстандын Түркмөнстанга чектеш Фаряб провинциясында өкмөттүк аскерлер менен исламчыл согушчандар арасында уруш күчөп турган кезде жасалды.