Себеби жарманкеде теги индиялык британ жазуучусу Салман Рушди конок катары сөз сүйлөгөнгө чакырылган. 1989-жылы Салман Рушдинин “Шайтандын аяттары” деген романы чыккандан кийин Ирандын көсөмү, Аятолла Хомейни чыгарма “исламды каралайт” деп, жазуучуну өлүм жазасына тартуу жөнүндө фатва чыгарган. Хомейни 1989-жылы дүйнө салган. Бирок анын мураскери Аятолла Али Хаменейи 2005-жылы фатва күчүндө кала берерин билдирген.
Ирандын маданият министринин орун басары Абас Салехинин өкмөттүк ИСНА агенттигине айтышынча, Германиядагы китеп жарманкесинин уюштуруучуларына нааразылык каты жөнөтүлгөн. Франкфурттагы жарманке дүйнөдөгү эң чоң китеп жарманке саналат. Ал 14-18-октябрда өтөт.