Химия боюнча Нобель сыйлыгы швед Томас Линдлга, АКШ жараны Пол Модричке жана теги түрк америкалык Азиз Санкарга ыйгарылды. Швеция королдугунун илимдер академиясынын билдиришинче, алар ДНКнын кайра калыбына келүү механизмин изилдегени үчүн сыйланган.
Окумуштуулардын эмгеги клеткалар кантип иштешкени тууралуу фундаменталдык маалымат берип, ракты дарылоонун жаңы ыкмалары саналат, - деп айтылат Нобель комитетинин билдирүүсүндө .
Нобель сыйлыгы Швециянын крону менен 1 миллионго барабар же долларга которгондо 960 миң акча болот.
Мартабалуу сыйлык жыл сайын илим тармактарында ири ачылыштарды жасаган окумуштууларга, адабиятта үлкөн окуя катары кабылданган чыгарма жараткан сүрөткерге, тынчтык үчүн талыкпай күрөшүп келаткан ишмерге ыйгарылат.