Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

Баткендин тургунун Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткени кабарланууда


Баткен районунун Ак-Турпак айылынын 36 жаштагы тургуну он күндөн бери изделип жатат. Анын жакындарынын билдиришинче, жигитти Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткен жана адамдарды Сирияга жөнөтүүгө аракет кылган деп күнөөлөп жатышат.

Маалыматка караганда, жоголгон жаран 26-сентябрга караган түнү тажикстандык төрт аялды машинасы менен Бишкекке жеткирип коюуга убадалашып, чек арага барган. Ошол жерден аны тажик күч кызматкерлери кармап кеткен. Тажик милициясы аны “Сирияга адамдарды алдап жөнөтүп жаткан” деп күнөөлөп жатканы, азыр Дүйшөмбүдө суракта болушу мүмкүн экени айтылууда.

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы Ак-Турпак айылынын тургуну жоголгон тууралуу факт катталганын, бирок ал Тажикстандабы же жокпу, азырынча анык эместигин “Азаттыкка” билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG