Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Анкара Сирия үчүн Москва менен чатакташканды каалабайт


Премьер-министр Ахмет Даутоглу бүгүнкү телекомментарийинде Сириядагы коогалаң Орусия менен НАТОго мүчө Түркиянын мамилесиндеги кризиске башат салышын же эки арада талаш жаратканын каалабасын айтты.

"Биздеги маалыматка караганда, Орусиянын аба күчтөрүнүн 57 соккусунун экөө гана ИМге тийген. Алар ИМге каршы согушканды кааласа, биз аны чогуу кыла алабыз, эгер авиачабуулдар Түркиянын чек арасына жакын жердеги жөн-жай элге жана байистүү оппозицияга багытталса, ал жаңы качкындарды жаратышы мүмкүн. Бул боюнча бизде олуттуу маселелер бар жана аны талкуулоо керек”, - деди Давутоглу.

Башкаруучу АК партиясынын өкүлү Умер Челик болочокто Анкара аба мейкиндигин Орусия бузса, аны “коркунуч” деп баалайт.

XS
SM
MD
LG