Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Орусия Тажикстандагы аскер базасын дагы кубаттандырды


Москва Тажикстандагы аскер базасын согуштук Ми-24 жана согуштук-транспорттук Ми-8 тиучмалары менен чыңдады. Орусиянын Коргоо министрлигинин билдиришинче, аскер тикучмалары Дүйшөмбүдөн 30 чакырым алыстагы Гисар районундагы “Айни” аэродромуна жөнөтүлгөн. Бирок алардын так саны маалымдалбады.

Бир күн мурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон орусиялык коллегасы Владимир Путин менен Сочиде болгон кездешүүдө Ооганстандын Тажикстанга чек аралаш аймагында исламчыл экстремисттик топтордун жандануусуна кооптонгонун айтканы кабарланган. Учурда Тажикстанда Орусиянын 7 миң аскери бар. Бул Орусиядан тыш өлкөдөгү эң чоң аскерий бөлүк.

XS
SM
MD
LG