Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Барак Обама “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунан кечирим сурады


АКШ президенти Барак Обама
АКШ президенти Барак Обама

АКШнын президенти Барак Обама Кундуз шаарындагы “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун ооруканасын америкалык учактар бомбалаганы үчүн кечирим сурады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнесттин айтымында, Обама аталган кайрымдуулук уюмунун жетекчиси Жоанн Лю менен 7-октябрь күнү сүйлөшүп, мерт кеткен жана жарадар болгон кызматкерлери үчүн терең кайгырып жатканын билдирди. Ошондой эле окуя ар тараптуу иликтенет деп ишендирди.

Барак Обама Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге да телефон чалып, оорукананы бомбалоо учурунда каза болгон медициналык кызматкерлер жана оорулуулар үчүн көңүл айтты.

“Чек арасыз дарыгелер” уюму Обаманын кечирим суроосун кабыл алганын, бирок бомба чабуулу дыкаттык менен иликтенишин талап кыларын жарыялады.

3-октябрда АКШнын аба күчтөрү Ооганстандын Кундуз шаарындагы “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун ооруканасын бомбалап, 22 киши мерт кеткен. Алардын арасында жергиликтүү жана эл аралык миссиянын дарыгерлери да болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG