Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Болгария соту Хоменюкту өткөрүп берүүдөн баш тартты


Болгариянын Видин аймактык соту Кыргызстандагы “Кумтөр” алтын кен ишканасынын мурдагы кожоюну Леонардо Хоменюкту өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүн аткарган жок. Бул тууралуу жергиликтүү SofiaGlobe агенттиги маалымдады. Сот өз чечимин Кыргызстан менен Болгария ортосунда кармалгандарды өткөрүп берүү тууралуу келишимдин жоктугуна негиздеген. Мындан сырткары болгар соту Башкы прокуратура Хоменюктун кылмыш ишинин мөөнөтү өткөн-өтпөгөнү тууралуу маалымат бербегенин жана Кыргызстандагы соттолуучуларга карата калыс эмес мамилени эске алган.

Башкы көзөмөл органы Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору Леонардо Хоменюкту коррупция боюнча айыптап, былтыр сентябрдан тарта издөөгө алган. Интерпол Хоменюкту 27-июлда Болгарияда кармап, 30 күнгө камаган.

Хоменюк Centerra Gold, Kumtor Gold жана Cameco Corporation компанияларында жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал 2008-жылы Centerra Gold компаниясынын президенти пенсияга жашы келгендигине байланыштуу кызматынан кеткен болчу.(UEz)

XS
SM
MD
LG