Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Кара-Сууда төрт медресенин иши текшерилди


Бул тууралуу Ош облустук казыятынан кабарлашты. Облус казысы Самидин ажы Атабаев соңку үч күн ичинде Кара-Суу районундагы төрт медреседеги окутуу, билим берүүнүн деңгээли жана окуп жаткан шакирттердин шарттары менен таанышып чыкты. Муну менен катар мекемелердин материалдык-техникалык жабдуулары да текшерилди. Казыяттан кабарлашкандай, медреселерде олуттуу мүчүлүштүктөр табылган жок. Баарына жакшы деген баа берилди.

Облустук казыяттын атайын тобу учурда Ноокат районундагы медреселерди текшерүүдө. Алар андан ары башка райондордогу диний билим берүүчү мекекемелердин абалын көрүп чыгат.

Буга чейин коргоо кеңеши өлкөдөгү диний билим берүүчү жайлардагы окутууну жалпы билим берүүчү сабактарга туура келтирүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага ылайык, аталган медреселерде так илимдерди, алгебра, химия жана билогия сыяктуу сабактарды киргизип, ага тийиштүү мугалимдерди тартуу талабы коюлган.

Ош облусунда эки Ислам институту, 11 медресе бар. Анын үчөө кыз-келиндерди окутат. (ErN)

XS
SM
MD
LG