The Good Country Index (Ийгиликтүү өлкөлөр катары) эл аралык изилдөө уюму 125 мамлекеттин жетишкендиктеринин сырын изилдеп, алар ээлеген рейтингин жарыя кылды. Кыргызстан тизмеде 74-орунду ээледи. Аталган уюмдун маалыматына ылайык, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасынан алдыга озуп чыккан. Мисалы, Казакстан 80, Беларус 82, Орусия 95-орунду ээлейт. Кытай 107-тепкичте.
Алдыңкы үч орунда Ирландия, Финляндия жана Швейцария турат. Акыркы тепкичте – Ливия.
Изилдөө илим жана технологияны колдонуу, маданият, коопсуздукка көңүл буруу, экологияны сактоо, ден соолукка кам көрүү, стабилдүүлүк багытында жүргүзүлгөн. (SE)