“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясындагылар добуштардагы айырма боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына жазган арызы жоопсуз калып жатканын “Азаттыкка” билдиришти. Партиянын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы жооптуу өкүлү Акыл Айтбаев маалымдагандай, алар арызда конкреттүү шайлоо участкаларын атап жазган.
Мурдараак партия лидери Адахан Мадумаров да Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы бюллетендерди кол менен санап чыкканда электрондук эсептегиден 37 миң добуш айырма чыкканын билдирген.
БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров аталган партиядан арыз 8-октябрда гана түшкөнүн, аны карап чыгууга убакыт керектигин “Азаттыкка” маалымдады.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого 14 партия катышып, алардын алтоо жеңишке жетишкен. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы топтогон добушу 7 пайыздык тосмого жетпей калган. Партия парламентке өтүшү үчүн дагы он миңдей добуш керек. (SE)