Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Орусияда химиялык куралдын ири запасы жок кылынды


Орусиянын Брянск облусундагы Почеп шаарында химиялык курал чыгарган атайын жайдагы ири запас жок кылынды.

2010-жылдан бери бул заводдо 7 жарым миң тоннага чукул химиялык куралдар жоготулган. Жалпысынан “Почеп” жайында зарин, зоман жана VX тибиндеги химиялык, авиациялык уулуу курал-жарактардын 67 миң даанасы талкаланды деп билдирет ТАСС агенттиги.

Уулуу заттардан тазалангандан кийин заводдун ордун  жергиликтүү элдин пайдалануусуна берүү пландалууда.

Ушул жылдын октябрь айына чейин Орусияда химиялык курал-жарактардын 92 % жок кылынган. 2016-жылы бул иштин акыркы процесси Удмуртиядагы “Кизнер” атайын жайында өтмөкчү. (BCh)

 

XS
SM
MD
LG