Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ноокатта “Алма фестивалы" өтүп жатат


Фестивалда тартылган сүрөт
Фестивалда тартылган сүрөт

Ош облусунун Ноокат районунда бүгүн "Алма фестивалы" өтүп жатат. Райондогу 12 айыл өкмөттөн келген дыйкандар алманын элүүдөн ашык түрүн калың элдин алдына жайды. Буга катар ар кандай оюн-зооктор жана ыр-бийлер да тартууланууда.

Иш-чарага Айыл чарба министрлиги, консалтинг компаниялар, ишкерлер, бизнес-ассоциациялар, жергиликтүү тургундар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, кытай, орус жана казак элчилери менен кошо бир нече чет элдик ишкерлер чакырылган. Аким Бекболот Айтиев билдиргендей, алар алмалардын сапатын көрүшүп, Казакстан жана Орусияга экспорттоо боюнча меморандумга кол коюшат

ПРООНдун колдоосунда өтүп жаткан иш-чаранын максаты - ноокаттык багбандарды жана Ноокат алмасын өлкөнүн башка аймактары менен эл аралык коомчулукка таанытуу. Анын алкагында тегерек стол жана талкуулар да өтөт. Багбандар алма өстүрүүнүн жаңы технологияларын, кайра иштетүүнү, экспорттоо жана сактоо боюнча сабак алышат.

2006-жылдан бери Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтчү бул иш-чара түштүк регионунда экинчи жолу уюштурулууда. Өткөн жылы фестиваль Өзгөн районунун Ак-Жар айылында өткөн. (YI)

XS
SM
MD
LG