Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Кыргыз-тажик чегинде жол тосулду


Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймагындагы Ворух-Исфара жолун Аксай айылынан кыргыз жарандары ушул тапта тосуп турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар кабарлады. Маалыматка караганда, бүгүн Тамдык жолунун курулушуна бараткан ишчилерди тажикстандыктар жолдон өткөрбөй койгон. Буга жинденген кыргыз тараптагылар алардын жолун бууп салган.

Чыр чыккан аймак Баткен районуна карайт. Район акими Кеңеш Салихов ооруканада экенин айтып, окуя тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Облустук ички иштер башкармалыгы окуяны тастыктап, күч кызматкерлери Аксайга кеткенин маалымдады. Расмий кабарга караганда, жолду 20дай адам тосуп турушат.

Кыргыз-тажик чегинде бир катар такталбаган жерлер бар. Эки өлкө жарандары тигил же бул мамлекеттердин айылдарын аралап тирилик кылгандыктан, жолго байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG