Бул тууралуу Ош шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардыктарга 8 айлык отчетун берүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда, бул кышта калаа бийлиги шаарда көмүрдүн баасын 3 сом 50 тыйындан кымбаттатпайт. Декабрдан баштап кичирайондордо жергиликтүү бийликтерге караштуу атайын көмүр кампалары иштей баштайт. Бир баадагы көмүр ошол жерлерде сатылып турмакчы.
Ош шаардык мэриясы өткөн кышта да 4 сом 50 тыйындан көмүрлөрдү сатууну уюштурган. Бирок сууктун күндөрү көмүрдүн наркы 7-8 сомго чейин чыккан эле. Ал эми атайын кампалардан көмүр таппай калгандар болгон.
Учурда Ош аймагындагы көмүр кендери казылган жердеги баасы 1 кг – 2 сом 50 тыйын, ал эми шаардын айланасында 3-4 сомдон сатылууда. Кышта бул нарк көп мезгилде 6-7 сомго чейин, кээде 8 сомго чейин көтөрүлөт. (ErN)