Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 12-17-октябрь күндөрү өлкө аймагында “Зомбулукка жол жок!” аттуу акция өткөрөт. Министрликтен кабарлашкандай, иш-чара балдарга ыдык көрсөтүүнү азайтууга багытталган.
ЮНИСЕФ уюмунун 2009-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү үй-бүлөдө балдар зомбулукка кабылат.
Соңку кездери балдарды зордуктоо фактылары көбөйгөн.
Изилдөөлөргө караганда, 2006-жылдан бери 92 бала зомбулуктан каза тапты. (SE)