Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Министрликтин алдындагы Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөргө берилген 1139 суу түтүгүн текшерип чыккан. Анда белгилүү болгондой Жалал-Абад облусундагы түтүктөн чыккан суунун 28,3 пайызында, Ош шаарындагы түтүк суусунун 17,6 пайызында микробдор бар экени аныкталган.
Микробу көп суудан өлкөдө 10 миңдей жаран ичеги-карын оорулары жана башка жугуштуу кеселдерге кабылат. Түштүк облустарында булганыч суулардан ич келте ооруларын жуктургандар арбын.
Иликтөөдө белгилүү болгондой өлкөдө 179 суу түтүгүндө жугуштуу оорулардын вирустарын өлтүрүү аракети жүрбөй турганы жана 332 суу түтүгү санитардык-гигиеналык нормаларга туура келбей турганы аныкталган. (ErN)