Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусияга Сириядагы аскерий аракеттери эки өлкөнүн экономикалык кызыкчылыктарына доо кетирерин эскертти.
8-октябрь күнү Эрдоган “Түркияны жоготуу Орусия үчүн олуттуу кыйынчылыктарга жол ачышы ыктымал”, - деди.
Анкара Москвадан газ сатып алууну токтототуп, башка өнөктөш издейбиз деп жатат.
Түркия 3-октябрда Орусиянын аскерий учактары Түркиянын аба майданына кирип кеткенин билдирип, ал боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган.(BCh)