Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Илмияновдун 1,8 млн. доосу шаар сотунда каралат


Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековдун Илмияновдун 1,8 млн. сом доосу боюнча арызы бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу Ботобеков “Азаттыкка” кабарлады.

Ал шаардык сот бийликтин көрсөтмөсү менен райсоттун чечимин күчүндө калтырышы мүмкүндүгүн айтып, элге кайрылуу жасады. Билдирүүдө чындык үчүн, сөз эркиндиги үчүн аягына чейин күрөшөм деп айтылат.

Ушул жылдын 7-июлунда Свердлов райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орунбасары Икрамжан Илмияновдун арызын канааттандырып, Ботобековду 1 млн. 800 миң сом доого чыккан. Ага Ботобековдун “Вечерний Бишкек” медиа-холдингине караштуу "Кабар ордо" сайтына берген сын маеги негиз болгон. Илмиянов ал маекти “кадыр-баркыма шек келтирди” деп доомат арткан.

Ботобеков жана анын таламдаштары сот чечимин сөз эркиндигин муунткан саясий буйрутма деп билишет. Мындан улам Ботобековду коргоо комитети түзүлүп, доону төлөө үчүн 7 сомдон чогултуу акциясы башталган. Ушуга чейин 195 500 сом чогулган. Бирок оппозиционер Илмияновдун доосун төлөөгө чамасы чак экенин билдирген.(UEz)

XS
SM
MD
LG