Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Кутуев: климатка көнбөгөн футболчулар чабал ойношту


Кыргызстан футбол федерациясынын вице-президенти Өмүрбек Кутуев кыргыз-тажик беттешине купулга толорлук оюн деп баа берди. Анын айтуусунда, жеңишке жетүүгө шарт бар болчу.

- Биздин футболчулардын айрымдары Германия, Сербия, Орусия өлкөлөрүнөн келишти. 3 күндө климатка көнүү кыйын. Ошондуктан алар күтүлгөндөй ойной алышкан жок,- деди Кутуев.

Кечээ Бишкекте өткөн Кыргызстан -Тажикстан футбол беттеши 2:2 эсепте тең чыгуу менен аяктаган. Эки өлкөнүн улуттук курамалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношту. Эми 13-октябрда Кыргызстан курамасы Бангладеш менен беттешет.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары 11 - жолу беттешти. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган. Кечээки тең чыгуу эки командага тең бирден упай алып келди.(UEz)

XS
SM
MD
LG