8-октябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан-Тажикстан футбол беттеши 2:2 эсеби менен аяктады. Эсепти кыргыз тарап кошумча берилген 4 мүнөттүк убакытта 11 метрлик айып аянтчасынан гол киргизип теңешти. Тажик оюнчулары 2-таймда, атап айтканда 66-мүнөттө жана андан көп өтпөй 11 метрлик айып аянтчасынан Кыргызстанга гол киргизишкен. Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков болсо, оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына гол киргизген болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношту.
Футбол: Кыргызстан-Тажикстан 2-2

1
Кыргызстандын курама командасы.

2
Оюндун биринчи жарымында Кыргызстан курамасы үстөмдүгүн көрсөттү.

3
Тажикстандын курама командасы.

4
Команда капитаны Азамат Байматов адаттагыдай эле өзүнүн мыкты жөндөмдүүлүгү менен тажик командасынын коргоочуларынын бир топ шаштысын кетирди.

5
Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков - жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына гол киргизгенден кийин.

6
Австралия курамасы менен болгон оюндан айырмаланып, бул ирет стадионго киргизүү, көзөмөл иштери жакшы уюштурулду. Ошондуктан сыртта билети менен оюнга кире албай калгандар болгон жок.

7
22 номурдагы Антон Землянухин кечээки беттеште кыргыз курамасынын мыкты оюнчуларынын бири болду. Ал баштаган чабуулдар тажик курамасынын коргоочулары үчүн кооптуу абалдарды жаратып турду.

8
Германиянын «Нюрнберг-2» командасында ойногон Виталий Люкс Тажикстан дарбазасына кезектеги соккуларынын бирин узатууда.

9
Күйөрман айымдар.

10
Кыргызстан курамасынын капитаны Азамат Байматов чабуулда.

11
Оюн үчүн футбол федерациясы тарабынан 18 миң билет сатыкка чыгарылган. Кийин оюн башталганда федерация өкүлдөрү стадионго 17600 көрүүчү келгенин маалымдашты.

12
Оюндун биринчи таймы Тажикстандын дарбазачысы үчүн оор болду.

13
Кыргызстандык "FALCONS" фанаттар тобу оюндун көркү болушту.

14
Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев жана Антон Землянухиндерге топ киргизүүгө оңтойлуу учур көп эле келгени менен, алар бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, топ киргизе алышкан жок.

15
Талаш жараткан абал: тажик оюнчусу жаза аянтчасынын ичинде колу менен ойногонуна карабай оюн калысы айып тобун берген жок.

16

17
Күйөрмандар оюнчуларды кызуу колдоп, алдыга сүрөп турушту.

18
Калыс оюндун акыркы мүнөтүндө тажик курамасынын дарбазасын көздөй айып тобун берди. Буга айып аянтчасында Антон Землянухинге каршы ойногон тажик коргоочусунун эрежени бузгандыгы себеп болгон.

19
Калыс оюндун акыркы мүнөтүндө тажик курамасынын дарбазасын көздөй айып тобун берди. Буга айып аянтчасында Антон Землянухинге каршы ойногон тажик коргоочусунун эрежени бузгандыгы себеп болгон.

20
Оюндун акыркы секундаларында пенальти аркылуу оюн эсебин теңеп, Кыргызстан курамасына бир упай алууга себепкер болгон Антон Землянухин.