Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Сариев: Кыргызстанда үрөндүн сапаты начарлады


Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев өкмөттөгү жумушчу жыйында билдирди. Ал бул жаатта Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жетиштүү иш алып барбай жатканын айтып, кыска убакытта кескин чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

«Өлкөдө айдоо аянттары чектелүү болгондуктан анын көлөмү боюнча башка өлкөлөр менен атаандашуу кыйын. Бирок сапаттуу, жогорку түшүмдүү үрөндү өлкөгө жайылтууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул үчүн Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жеке чарбалар менен тыгыз иштешип, түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Бул талап асыл тукум малдарды көбөйтүү ишине да тиешелүү” - деди Темир Сариев.

Сариев асыл тукум малды көбөйтүү боюнча жасалма уруктандырууга өтүү зарылдыгын белгилеп, бул боюнча аймактарда пилоттук долбоорлорду иштеп чыгууга 20 күндүк мөөнөт берди. Үрөнчүлүк багытында дыйкан-фермерлер үчүн атайын окутууларды уюштуруу тапшырмасы да коюлду. (AzK)

XS
SM
MD
LG