Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Жаңы депутаттарга жаңы отургучтар сатылып алынат


Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталдагы маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш жаңы шайланган депутаттар үчүн 120 отургуч сатып алууга тендер жарыяланды. Анда отургучтарга 2 миллион 682 миң сом бөлүнөрү, ар бир отургуч 22 миң 350 сомго бааланып жатканы жазылган. Ошондой эле отургучтар накта териден жасалып, 120 кг салмакты көтөрө алышы керек деген талап да бар.

Буга чейин жарандык активисттер шайлоонун астында партияларды депутаттык артыкчылыктардан, чыгымдардан баш тартуу декларациясына кол коюуга чакырышкан. Шайлоо өнөктүгүндө бир катар партиялар бул демилгени колдоого алышкан эле. Отургуч сатып алуу маселеси социалдык тармактарда ар кандай сындарга жол ачты. (AzK

XS
SM
MD
LG