11-октябрь күнү белгилене турган бул күндүн алкагында балдардын укугу боюнча эссе жазуу сынагы жарыяланып, тренингдер, спорттук мелдештер жана мектеп окуучулары арасында форум-театр уюштурулат.
Иш-чаранын максаты – кыздар дуушар болгон көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, алардын укуктарын коргоо жаатында аракеттерди күчөтүү. Аны “Балдар укугун коргоо” коомдук бирикмеси эл аралык Bread for the world уюмунун колдоосу менен уюштуруп жатат. Бул күн 2012-жылы Канаданын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген. Укук коргоочулар Кыргызстанда кыздар көпчүлүк учурда үй-бүлөдөгү зомбулук, зордуктоо, ала качуу сыяктуу көйгөйлөргө кабылып, сексуалдык кулчулуктун туткуну болорун белгилеп келишет. (AzK)