Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Фейсбук “жактырбаймдын” ордуна сезимди билдирген белгилерди чыгарды


"Жактырбайм" белгиси ушундай болушу керек деп чыгышкан
"Жактырбайм" белгиси ушундай болушу керек деп чыгышкан

9-октябрдан тарта Фейсбук социалдык тармагында мурда айтылган “жактырбайм” белгисинин ордуна “ачуулуу”, “капалуу”, “ураа”, “укмуш” деген белгилер коюлуп, ал колдонуучуларга жагаар-жакпасы Испания менен Ирландияда сыналмай болду.

Көптөгөн Фейсбук колдонуучулары “жактырбайм” белгисин күтүп жатышкан. Себеби кайгылуу же жаман кабар тууралуу постко “жактырамды” басуу туура эмес деп келишкен.

“Бул “жактырбайм” белгиси эмес, ошентсе да колдонуучуга өзүнүн сезимдерин билдирүү күчүн берет”, - дейт Фейсбуктун түптөөчүсү Марк Цукерберг.

Фейсбукту азыр 810 миллион адам колдонуп, күнүнө 3,2 миллиард “жактырам” белгиси басылып, 300 миллиондой сүрөт жана комментарий жүктөлөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG