Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Бассейндин жоктугунан сууда сүзүү мелдештери спартакиададан алынды


Жалал-Абад облусунда өтүп жаткан 7- республикалык спартакиадага мурдагыдан айырмаланып, сууда сүзүү мелдеши киргизилген жок. Бул тууралуу спартакиаданын башкы калысы Канатбек Арпачиев билдирди. Облустарда бассейндин жоктугунан спорттун бул түрү боюнча катышуучулар жокко эсе. Республикалык спартакиадагы спорттун 13 түрү боюнча 1300дөн ашык спортчу катышууда. Командалык эсеп боюнча биринчи орунга 500 миң сом, 2-орунга 300 миң сом жана 3-орунга 200 миң сом ыйгарылат. Спартакиаданы уюштурууга жалпысынан 13 млн. сом бөлүнгөн.

Спартакиада Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы стадиондо кечээ ачылган. Таймаштар 14-октябрга чейин Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында жана Токтогул шаарчаларында өтөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG