Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Кадамжайда бир адам күйдүргү илдетин жуктуруп алганы аныкталды


Бул тууралуу 9-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Баткен облусунун Кадамжай райондук аймактык ооруканасында анализдери текшерилип жаткан эки адамдын бири - 1976-жылы туулган К.Ч. Сибир жарасын жуктурганы аныкталды.

Ал эми аны менен кошо ооруканага жаткырылган 57 жаштагы А. К. аттуу адамдын каны боюнча анализдери чыга элек.

Кара тумоо оорусуна шектелген эки жаран быйыл 30-сентябрда Кадамжай аймактык ооруканасына жаткырылган. 1-октябрда Кадамжай райондук санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борбору анализге үлгү алып, аны Ош шаарындагы кара тумоо оорусуна каршы түштүк аймактык бөлүмгө жөнөткөн.

Бул факт боюнча Кадамжай райондук жарандык коргонуу кызматы тарабынан күйдүргү оорусун алдын алуу иштери башталды. 5 дарыгер жана 30 медайымдан турган топ Чекелик жана Подхоз участкаларында 212 түтүнгө, тагырак айтканда, 886 адамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG