Айрым маалымат булактарынын ырастоосунда, өткөн айда ажылык учурунда Мекедеги тебелендиден каза тапкандардын саны 1 миң 200 -1 миң 400 кишиге жетиши мүмкүн.
Сауд Арабия королдугу Мина өрөөнүндө "шайтанга таш ыргытуу" жөрөлгөсү учурундагы тебелендиде 769 зыяратчы өлгөнүн билдирген. Изилдөө булактары жарандары мерт болгон өлкөлөрдүн маалыматтарына таянып жыйынтык чыгарышкан. Маселен, Иран 464 жараны ажал тапканын ырастаса, Египет – 148, Индонезия 120 курмандык тууралуу кабарлаган.
Аssociated Press агенттиги кырсыктан 1 миң 399 кишинин өмүрүн алып кеткенин маалымдап, Сауд Арабия бийлиги аброюн сактап калыш үчүн чыныгы сандарды жашырып жаткан болушу мүмкүн деп жазган. Ajans Frans Pres агенттиги өз санактарына таянып, 1 миң 221 зыяратчы өлүмгө дуушар болгонун маалымдаган.
Эскерте кетчү жагдай, Сауд Арабия 26-сентябрда, башкача айтканда, кайгылуу окуядан эки күндөн кийинки келтирген маалыматын эмдигиче жаңылай элек.