Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Порошенко менен Назарбаевдин Астанадагы сүйлөшүүлөрү улантылууда


Астанада Украина президенти Петр Порошенко менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин эки өлкө ортосундагы алака-катыштарды өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүүлөрү башталды. Мамлекет башчылары 9-октябрда Украинанын чыгышындагы кырдаалды да талкуулашты.

Порошенко Астанага кечээ келген. Ал Казакстан президенти менен сүйлөшүүлөр учурунда Луганск жана Донецк облустарындагы ок атышпоо тууралуу быйыл февралда Минскиде жетишилген келишимдер толук аткарыларына "аз да болсо үмүт" бар экенин билдирди. Назарбаев Казакстан Минскиде кол коюлган келишимди колдорун айтып, кризисти “тынчтык жолу менен гана чечүүгө" болорун ырастады. Казакстан Украинанын чыгышына азык-түлүк жөнөтүүнү жана жаңжалдан жабыркаган аймактардын калкына Кызыл Чырым уюму аркылуу жардам берүүнү уланта берери маалымдалды.

Украинанын Донецк облусундагы орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк аскерлердин былтыр апрелде башталган урушунан 7 миң 900 ашуун адам курман болуп, көптөгөн шаар-кыштактар талкаланган.

XS
SM
MD
LG