Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Москва НАТОнун Европа саясатына каршы


Москва Европадагы геосаясий балансты өзгөртүү аракеттерине каршы. Бул жөнүндө билдирген Орусиянын НАТОдогу элчиси Александр Грушко: “Биз жаңы жарыша куралдануу жана кансыз согуш учурундагыдай тирешүүгө алып келчү андай кадамдарды алдын-алуу үчүн бар аракетибизди көрөбүз”,- деп билдирди.

Элчинин ырастоосунда, Түндүк альянстын учактары Орусиянын чек арасында учууларын кыйла көбөйтүштү, ал эми Кара деңиз жана Балтикада НАТОнун аскердик кемелери дээрлик такай жрүшөт. Грушко ошондой эле альянстын Сирияда мандаты жок болгондуктан, Орусия бул маселени алар менен талкуулабай ортодогу проблемаларды тиешелүү өлкөлөр, анын ичинде НАТОнун мүчөсү Түркия менен эки тараптуу чечип жатканын кошумчалады.

8-октябрда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Сириядагы аскердик аракеттерин күчөтүп жатышына байланыштуу камтамасын билдирген. Орусиялык учактар Түркиянын аба мейкиндигин бузууну уланта берсе, блок өз аскерлерин Түркияга жайгаштырышы мүмкүн экендигин баш катчы белгиледи.

XS
SM
MD
LG