Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Казакстан Украинага көмүр жеткирмей болду


Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Украина президенти Петро Порошенко. 9-октябрь, 2015-жыл
Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Украина президенти Петро Порошенко. 9-октябрь, 2015-жыл

Украина президенти Петро Порошенко жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сүйлөшүүлөрдөн кийинки тыныгууда, Казакстандан Украинага көмүр жеткирүү боюнча макулдашканын билдиришти.

Назарбаев мунай түтүктөрү Орусиянын аймагынан өткөндүктөн Украинанын заводдоруна чийки мунай жеткирүү көйгөлүү маселе экенин айтты. Назарбаев Казакстан Украина менен космостук чөйрөдө, анын ичинен космостук ракеталар үчүн “таза күйүүчү май” иштеп чыгуу боюнча кызыкдар экенин белгиледи.

Жолушуу жүрүшүндө эки тарап студенттерди алмаштырып окутуу боюнча макулдашты. Казак президенти Астанага украиналык акын Тарас Шевченконун, Киевке казак ойчулу, акын Абай Кунанбаевдин эстелиги орнотула тургандыгын билдирди.

Массалык маалымат каражаттары менен жолугушууда эки өлкө башчылары өз эне тилинде сүйлөп, журналисттердин суроосуна гана орусча жооп беришти. (TSh)

XS
SM
MD
LG