Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Токтогулда 13 млрд. 36 млн. кубметр суу топтолду


Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

9-октябрга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 13 млрд. 36 млн. кубметрге жетти. Өткөн жылы ушул күнү суу сактагычта 11 млрд. 887 млн. кубметр суу бар болчу.

“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 237 кубметрди, ал эми агып чыккан суу секундасына 210 кубметрди түзөт.

Токтогул суу сактагычына акыркы он жылда эң көп суу 2011-жылы топтолгон, ал жылы 29-сентябрда суу сактагычта 19 млрд. 535 млн. кубметр суу болгон.

Ал эми эң аз суу 2008-жылдын 29-сентябрына туура келет, бул күнү суу сактагычта 9,6 млрд. кубметр гана суу калган. Ал жылы бийлик электр энергиясын колдонууга чектөө киргизген.(TSh)

XS
SM
MD
LG