Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Ошто мергенчи атып алган адам үйүнө чыгарылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустар аралык ооруканасынан билдиришти. 8-октябрь күнү башына ок тийип бейтапкана түшкөн 45 жаштагы тургундун абалы канааттандырарлык. Ал ооруканага түшөрү менен дарыгерлер анын башынан окту алып чыгышкан. Абалы жакшыргандан улам ал бүгүн үйүнө чыгарылды.

“Ош-тазалык” ишканасынын 43 жаштагы мергенчиси шаардагы жана калаа жакасындагы жолбун иттерди атып жүрүп, Кара-Суу районунун Нариман айылынын жашоочусун атып алган.

Мергенчинин колунда ишканага таандык 22 калибрлүү «Марлин» үлгүсүндөгү курал болгон. Окуя боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн жылы да ушул эле ишкананын кызматкери Ош шаарынын 40 жаштагы тургунун атып алган. Анда да мылтыктын огу кайып барып, көчөдөгү адамдын тизесине тийгени айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG