Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Кыргызстанда айылдык аялдардын фестивалы өтөт


10-октябрдан баштап Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 18 айылында “Айыл ажары – 2015” элеттик кыз-келиндердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын Оштогу уюштуруучуларынын бири Химия Сүйөркулова “Азаттыкка” билдирди.

Иш-чарада кыштактардагы уздар, фермер келиндер жана башка тармактардагы аялдар өз таланттарын айылдаштарына жана коомчулукка сунуштайт. Аны менен кошо тегерек стол, баарлашуулар уюштурулат. Иш-чара аялдардын жана кыздардын укуктарын сактоону, гендердик стереотиптерди жоюуну максат кылат.

Фестивал элеттик аялдардын эл аралык күнү – 17-октябрда аяктайт. Ал БУУнун аялдар жана азык-түлүк программасынын, Аялдардын Фондунун (WWSF) колдоосунда “айылдык аялдардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү боюнча 17 күндүк дүйнөлүк кампаниянын” алкагында өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG