Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Аба шарында келаткан туристтер Өзбекстанга киргизилбеди


Беларус, Украина, Латвия жана Орусия жарандарынан куралган спортчулар тобу аба шарында Өзбекстандын үстүнөн учуп өтүүнү мерчемдеген болчу. Бирок мамлекеттин бажы кызматындагылар алардын өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат бербей койгонун “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады.

Туристтер алты күн ичинде асманда, жерден 3 миң метр бийиктикте Өзбекстандан үстүндө саякат кылууну мерчемдеген. Сегиз туристтен куралган топ аба шарын чек ара аймагында калтырып, унаа менен жер кыдырууга мажбур болушту. Алар бул саякатка алты ай даярданышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG