Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Израил-Палестина тиреши курчуй баштады


Израил аскерлери Газа тилкесинде 10-октябрь күнү эки палестинди атып салды. Израил армиясынын басма сөз кызматы алар 12-15 жашта экенин, тыюу салынган аймакка кирип келип, аскерлерге таш атканы үчүн жазаланганын билдирди.

Мурдараак эки палестин полицияга кол салган деген негизде окко учкан.

Бир жума мурун тутанган башаламандык Газа секторуна чейин тарап, курман болгондор саны ондон ашып кетти. Кагылышуу Палестинанын ХАМАС исламчыл согушчандар тобуна таандык аймактан Израилдин аскерлерине өрттөнгөн дөңгөлөктөр ыргытылганда башталган эле.

Ал арада Израил армиясы ХАМАС тобунун Газа тилкесиндеги турумдарына абадан сокку ура баштаганы кабарланды.

Газа тилкесинде былтыр жайда 50 күнгө созулган жаңжал жарашуу менен аяктаган. Анда Палестин тараптан 2251 киши өлтүрүлсө, Израилде 73 адам апаат кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG