Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Баткендин эки тургуну Душанбеде кармалып турат


Баткен районунун эки тургуну – 36 жаштагы Жахангир Курмушев менен 32 жаштагы Каныбек Майланов Сирияга адам жөнөтөт деген шек менен Тажикстан баш калаасы Душанбе шаарында сурак берүүдө.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, экөө тең жүргүнчү ташуу менен алектенет. Алар 26-сентябрга караган түнү тажикстандык төрт аялды Бишкекке жеткирүүнү макулдашып, чек арага кеткен бойдон дайыны чыкпай калган. Кийинчерээк коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери кармап кеткени маалым болгон.

Эки айдоочунун жакындары өткөн жумада жардам сурап облустук бийликке да кайрылышкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG