Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Ахмет Давутоглу Анкарадагы жардырууга шектүүлөрдү атады


Түркия өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу Анкарада жүзгө жакын кишинин өмүрүн кыйган кош жардырууга шектүүлөрдү атады. Анын тизмесинде “Ислам мамлекети” террордук тобу, Курдистан жумушчулар партиясы жана солчул радикалдар кыймылы бар.

Премьер ошондой эле терактты эки жанкечти жасаганын билдирди.

Анкарада 10-октябрь күнү кесиптик кошуун уюмдарынын терроризмге каршы митингинде борбордук темир жолдун жанында эки жардыруу болгон. Андан кеминде 97 киши өлүп, 245и жараат алды. Алардын 48инин абалы оор.

Түркияда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын атына Кыргызстан, Казакстан, Франция, Орусия жана башка мамлекеттердин башчыларынан көңүл айтуу каттары жөнөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG