12-октябрда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 11...16,
Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,
Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 16...21,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...11, күндүз 15...20,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 8...13,
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6 ° жылуу болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 7…9, күндүз 14…16° жылуу болот.