Казакстандын Түркистан шаарында 30 жаштагы тургун травматикалык тапанча менен жубайын, 5 жаштагы кызын жана эки инисин атып өлтүрдү. Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган учурда полиция кармагынын жергиликтүү булактар кабарлады.
Маалыматтарга караганда, ал 52 жаштагы энесин жана 6 жаштагы уулун да жарадар кылган. Өзү полициянын көзөмөлүндө ооруканада оор абалда жатат.
Иликтөө материалдарында мындай кылмыш жасоого кызганыч себеп болгону айтылат. (SE)