Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Каримов менен Бердимухаммедов ГЭСтерди курууга каршы


Өзбекстан менен Түркмөнстан президенттери транс чек ара дарыяларына ГЭС курууда чөлкөмдөгү бардык мамлекеттердин кызыкчылыгы эске алынышы керек деген бир пикирди айтышты.

Узаган аптада Ташкенде жолуккан Ислам Каримов менен Гурбангулы Бердимухаммедов “эки мамлекет ГЭС куруу жаатында бирдиктүү позицияга ээ” деп билдирүү жасашты.

Эки президент суу-энергия тармагындагы маселелер эл аралык уюмдардын катышуусунда каралышы керектигин белгилешти.

Кыргызстандагы “Камбар-Ата”, Тажикстандагы “Рогун” ГЭСтеринин курулушуна Өзбекстан буга чейин да каршылык көрсөтүп келген. Ташкен бул долбоорлорду ишке ашыруу дарыялардын табигый агымын бузуп, Борбор Азияда суу, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздукка олуттуу зыян келтирет деп эсептейт. (SE)

XS
SM
MD
LG