Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:56

БШК шайлоонун толук жыйынтыгын ушул апта жарыялайт


Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгын ушул аптада жарыялайт. БШК мүчөсү Нурмамат Ашымовдун “Азаттыкка” айтуусунда, алыскы аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы толук келип түшө элек. БШК буга чейин өлкө боюнча байланыш начар болгон 20 миңдей бюллетендер толук санала электигин билдирген. Мыйзам боюнча, шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күн ичинде жарыяланат.

4-октябрдагы шайлоодо 14 партия катышкан. Алдын-ала жыйынтык боюнча КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” парламентке өткөн. (КE)

XS
SM
MD
LG