Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Балдарга зомбулукту токтотууга арналган акция башталат


12-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен “Зомбулукка жол жок” деген аталышта маалымат акциясы башталат. Анын алкагында зомбулукту токтотуунун жол-жобосу, анын кесепеттери талкууланып, жергиликтүү тургундарга балдардын укуктары тууралуу маалыматтар таратылат. Бишкектеги эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев “Азаттыкка” кабарлагандай, балдардын арасында ур-токмокко кабылган учурлар көп кездешүүдө.

-Балдарды ур-токмокко алып, кемсинткен учурлар көп катталууда. Биз баланын денесине залал келтирген учурларды гана байкап калып жатабыз. Андан башка баланын психикасы кандай жабыркап жатканын биз эске албай жатабыз.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр өлкө боюнча балдарга карата 900дөн ашык зордук-зомбулук кылмышы катталган. ИИМ айрыкча балдарга карата сексуалдык кылмыштар көбөйүп жатканын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG