Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Кадыр Келсинбеков алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду


Алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Кадыр Келсинбеков. 11-октябрь, 2015-ж. Польша.
Алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Кадыр Келсинбеков. 11-октябрь, 2015-ж. Польша.

Кыргыз балбаны Кадыр Келсинбеков алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын маалымат катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында дүйнө чемпиондугу 9-октябрдан 11-октябрга чейин Польшанын Белосток шаарында өткөн. Ага 24 өлкөдөн 90 спортчу катышкан. Кыргызстандан алыш күрөшүнүн эркин жана классикалык түрүнөн күч сынашуу үчүн 8 балбан катышкан. Алыштын эркин түрүнөн Кадыр Келсинбеков 100 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, атаандаштарын таза утуп алтын медал тагынган. Ушул эле эркин түрү боюнча таймаштарда 70 килограммга чейинки салмакта Мырзабек Кочкоров жана 90 килограммга чейинки салмакта Чыңгыз Чалабаев экинчи орунду алып күмүш байгенин ээси болушкан.

Балбандардын мелдешке катышуусуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 700 миң сом бөлүнгөн. (ECh).

XS
SM
MD
LG