Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Адилет Баяман уулу алыш федерациясынын вице-президенти болду


Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Адилет Баяман уулу. 9-октябрь, 2015-ж. Польша.
Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Адилет Баяман уулу. 9-октябрь, 2015-ж. Польша.

Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын жетекчиси болуп Гинтаутас Вилейта, ал эми вице-президенти болуп Адилет Баяман уулу шайланды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын маалымат катчысы Нурпери Садырбекова билдирди. Маалыматка караганда 9-октябрдан 11-октябрга чейин Польшанын Белосток шаарында Алыш боюнча дүйнө чемпиондугу болуп 24 өлкөдөн 90 спортчу күч сынашкан. Мелдеш башталаар алдында, 9-октябрь күнү конгресс өтүп, ага 36 өлкөнүн өкүлдөрү катышып федерациянын президентин жана вице-президентин шайлашкан.

Федерациянын президенттик кызматына Күрөштүн биргелешкен дүйнөсү уюмунун (UWW) алдындагы салттык күрөш боюнча комитеттин жетекчиси Гинтаутас Вилейта жана вице-президенттик кызматына парламенттин үчүнчү чакырылышынын депутаты, Алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин уулу Адилет Баяман уулунун талапкерлиги сунушталып бир добуштан колдоого ээ болушкан.

Алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерация 2001-жылы Улуттук Олимпиада Комитетинин мурдагы президенти, парламенттин үчүнү чакырылышынын депутаты Баяман Эркинбаев тарабынан негизделип, бир жылдан кийин каттоодон өткөн. Күрөштүн бириктирилген түрлөрү боюнча эл аралык федерацияга (FILA. Учурда бул уюм Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) деп аталат) 2008-жылы мүчө болгон.

Дүйнөнүн төрт континентинин 70тен ашуун өлкөсүндө улуттук федерациялар бар. Баяман Эркинбаевден кийин бул уюмду Алмамбет Анапиев жетектеген. Ушул жылдын февраль айында Анапияев Белоруста киши колдуу болгондон кийин Гинтаутас Вилейта убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп келген. (ECh)

XS
SM
MD
LG