Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Лукашенко 83% добуш менен алдыга чыкты


Беларустун президенти Александр Лукашенко
Беларустун президенти Александр Лукашенко

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала жыйынтыктар боюнча өлкөнүн азыркы президенти Александр Лукашенко 11-октябрда өткөн президенттик шайлоодо 83,49 % добуш топтоп алдыга чыкканын жарыялады.

Шайлоочулардын 6,5% баарына каршы добуш берсе, “Чындыкты сүйлө” оппозициялык кыймылынан чыккан талапкер Татьяна Короткевич 4,42% добуш топтой алды.

Жалпысынан добуш берүүгө шайлоочулардын 86,7% катышты.

Шайлоо күнү Лукашкенко бул ирет мурдагы жолкудан аз добушка ээ болсо, ал үчүн начар көрсөткүч болорун айткан. Өткөн шайлоодо ал 79% добуш менен уткан.

Шайлоо бекеттери жабылган соң Минскинин башкы көчөлөрүндө эки жүздөй адам колдоруна “Диктатураны токтотолу” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп жүрүш жасашты.

61 жаштагы Лукашенко бешинчи жолу президент болуп шайланды. Ал өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG