Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Улуттук банк: Акча алмаштыруу жайлары кирешесин жашырууда


Улуттук банктын маалыматында, акча алмаштыруучу жайлардын жүгүртүүсү 2014-жылы 97 млрд сомду түздү. Бирок алар мамлекетке төккөн салык 36.6 млн сомдун ордуна 24.4 миллион гана болгон.

Өлкөнүн башкы банкы Бишкек шаарындагы лицензиясы бар акча алмаштыруучу жайлар чет өлкөлүк валютаны алмаштыруунун жалпы көлөмүн жана реалдуу кирешесин жашырып жатканын айтат. Текшерүү учурунда бир нече пунктта эсепке алынбаган белгисиз чет өлкөлүк жана улуттук валютадагы нак акча табылган.

Эскерте кетсек, өткөн жылы парламентте акча алмаштыруучу жайларын жабуу маселеси көтөрүлүп, биро колдоого ээ болгон эмес. (JM)

XS
SM
MD
LG