Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Сокулукта жашылча сактоочу ири логистикалык борбор ачылды


Бүгүн Чүйдүн Сокулук районунда “Агропродукт Азия” логистикалык борбору иштей баштады. Анын ачылыш салтанатына премьер-министр Темир Сариев катышты.

Өкмөт башчы Кыргызстанда алгач болуп ири көлөмдөгү жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбор ачылып жатышы менен куттуктап, ал айыл чарба жана экономикага өз пайдасын тийгизет деген ишенимин билдирди.

Европалык стандарттын жана голландиялык үлгүнүн негизинде курулган борбор 2700 чарчы метр аянтты ээлейт.

Премьер-министрдин белгилешинче, учурда тиешелүү шарттын жоктугунан улам дыйкандар өндүргөн продукциясынын 30-40% сактоодо, ташып жеткирүүдө жана сатууда жоготуп жатат.

Өкмөт 2017-жылга чейин Кыргызстандын аймагында 7 аймактык логистикалык борбор курууну пландап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG