Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Ошто Кытайдын жаранын бычактап кетишти


Бүгүн Ош шаарындагы "Таатан" базарынын кампасынан 42 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Милициянын айтымында, анын моюнуна бир нече жолу бычак сайылган.

Маркум желим терезе жасаган фирмада иштеп, кампада жашап келген деп болжолдонууда. Окуя боюнча тергөө башталды.

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов ээлик кылат деген "Таатан" базарында негизинен 400дөй Кытай жараны соода кылат.

Расмий маалымат боюнча, Ош шаарында ишкерлик кылууга Кытайдын 200дөй жараны уруксат алган. Облустун аймагында Кытайдын канча атуулу бар экени белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG